Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ж.Дубанаев шайланды

Turmush -  Бүгүн, 27-январда Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жумабай Дубанаев шайланды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Шайлоого Жумабай Дубанаев, Юсубжан Абжалилов, Абдырахман Бөрүбаев, Арапбай Дарманов, Жыргалбек Дыканов, Түрсүн Шабданов ат салышкан. 1-турда Ж.Дубанаев 7 добуш, Ю.Абжалилов 1 добуш, А.Бөрүбаев 2 добуш, А.Дарманов 4 добуш, Ж.Дыканов 7 добуш, алды. Ал эми Т.Шабданов добуш ала алган жок.

2-турда Ж.Дыканов 10 добуш алса, Ж.Дубанаев 11 добуш алып Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Жумабай Дубанаев мындан мурда аталган айыл өкмөттө эсепчи болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4283
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×