Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Халмуратов шайланды

Turmush -  Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Алимбек Халмуратов шайланды. Бул тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн 26-январда өттүн. Аталган кызматка Алимбек Халмуратов менен Хажи Кушбаков ат салышты. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Алимбек Халмуратов 12 добушка, Хажи Кушбаков 9 добушка ээ болду.

Алимбек Халмуратов мындан мурда да Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3325
Көп окулду
×