Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Район жетекчилиги Сырттагы мектепте көмүр башкаларга сатылгандыгын төгүндөдү

Turmush -  Кадамжай районунун Сырт айылындагы мектебине алынып келинген көмүрдүн сапаты талапка жооп берет жана көмүрлөр эч кимге сатылган эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Сырт айылындагы 175 орундуу О.Тешебаев атындагы орто мектеби, 1972-жылы курулуп, 1975-жылы пайдаланууга берилген.

«1988-жылы 3 класстан турган экинчи корпусу, 1998-жылы ыңгайлаштырылган 2 классы менен жыйындар залы «МерсиКО» уюмунун колдоосу аркылуу элдик ашар жолу менен курулган. Мектепте Бирлик айыл өкмөтүндөгү Сырт, Какыр, Варган айылдарында жашаган 430 кожолуктун балдары билим алат.

Бүгүнкү күндө 394 окуучу билим алып жатат. Аталган мектеп райондук борбордон 65 км алыстыктагы Баткен району жана Өзбекстандын Сох району менен чектешкен тоолуу аймакта жайгашкан. Мектеп 2011-жылдын 20-июлунда болуп өткөн жер титирөөдөн жабыркап, ӨКМдин комиссиясынын чечими менен 2 окуу корпусу авариялык абалда деп тыянак чыккан. Натыйжада жаңы мектеп салуу жөнүндө чечим кабыл алынып, Түрк Республикасынын гранттык колдоосу менен 2013-жылдын 10-ноябрында 375 орундуу жаңы мектепти куруу иштери башталган.Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90% бүткөн. Мектептин жылытуу системасы негизинен контрамарка меши менен көмүр жана электр жылытууга ылайыкташтырылып курулган. Райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан мектептердеги жылытуунун абалы такай көзөмөлдөнүп турат.

Албетте мектеп эски, авариялык абалда болгондуктан күн өтө суук болгон мезгилде контрамарка меши менен жылуулукту кармап туруу мүмкүнчүлүгү өтө кыйын. Күз-кыш сезонуна мектеп үчүн 40,3 тонна көмүр талап кылынат. 2016-2017-окуу жылынын кышкы сезонуна карата талап кылынуучу өлчөмдөгү көмүр (40 тонна) 2016-жылдын сентябрь айында толугу менен камсыз кылынган. Көмүрдүн сапаты талапка жооп берет. Мектептеги көмүр эч кимге сатылган эмес.

Мектептин жаңы курулуп жаткан имараты 2017-2018 окуу жылынын башталышына башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата тапшырылмакчы. Бул мектепте окуучулар үчүн баардык шарттары (ашканасы, спорт залы) бар. Борбордоштурулган жылытуу системасына ылайыкташтырылып, батарейкалар коюлган», - деп айтылат маалыматта.

(Жаңы салынып жаткан мектеп)

Кечээ, 25-январда жергиликтүү тургундар Кадамжай районунун Сырт айылындагы №30 Сырт орто мектебинде жылуулук жоктугун билдиришкен.

Айыл тургуну Момун Исманалиевдин айтымында, 3 жылдан бери окуучулар суук класстарда окуп келишет.

«Бизде кар калың болот. Балдарыбыз суукта алыстан келишет. Суук класстарда окушат. Шарт жок, мектепке үчүн алынып келген отун да көмүр да сатылып жатат. Буга баардык эл күбөбүз. Азыркы көмүр да сапатсыз. Мектептин көмүрканасында көмүр эмес эле кум турат», - деди Момун Исманалиев.

Ал эми аталган мектептин 11-классы окуган бөлмөдө жылуулук системасы жок. Окуучулар өздөрү атайын үйдүн мешин алып келип коюшкан. Эч бир окуучу сабак учурунда жеңил кийим менен отура албайт. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басары Мухпира Абдыкарованын айтымында, мектепке жыл сайын эле сапатсыз көмүр келип түшөт.

«Мектепти жылытууга аракет кылып күн сайын 3 маал көмүр жакчу жумушчубуз бар. Ал эртең менен окуучулар келгенге чейин бардык мештерге от жагып чыгат. Бирок көмүрдүн сапатсыздыгынан улам 3 маал көмүр жагылса да мештер жылуулук тарата албайт. Эмне себептен сапатсыз көмүр келе тургандыгы тууралуу менин маалыматым жок», - деди ал.

Аталган мектеп 1973-74 жылдары курулган. Учурда жалпы 420 окуучу 2 мөөнөт менен окушат. Аталган мектепке кошуна 4 айылдан да балдар келип окушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4897
Көп окулду
×