Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.01.2017 17:04

Сырт айылындагы мектеп жылыбай окуучулар үйдөн меш алып келип жылытып жатышат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Сырт айылындагы №30 Сырт орто мектебинде жылуулук жок. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Айыл тургуну Момун Исманалиевдин айтымында, 3 жылдан бери окуучулар суук класстарда окуп келишет.

«Бизде кар калың болот. Балдарыбыз суукта алыстан келишет. Суук класстарда окушат. Шарт жок, мектепке үчүн алынып келген отун да көмүр да сатылып жатат. Буга баардык эл күбөбүз. Азыркы көмүр да сапатсыз. Мектептин көмүрканасында көмүр эмес эле кум турат», - деди Момун Исманалиев.

Ал эми аталган мектептин 11-классы окуган бөлмөдө жылуулук системасы жок. Окуучулар өздөрү атайын үйдүн мешин алып келип коюшкан. Эч бир окуучу сабак учурунда жеңил кийим менен отура албайт.

Мектептин тарбия иштери боюнча орун басары Мухпира Абдыкарованын айтымында, мектепке жыл сайын эле сапатсыз көмүр келип түшөт.

«Мектепти жылытууга аракет кылып күн сайын 3 маал көмүр жакчу жумушчубуз бар. Ал эртең менен окуучулар келгенге чейин бардык мештерге от жагып чыгат. Бирок көмүрдүн сапатсыздыгынан улам 3 маал көмүр жагылса да мештер жылуулук тарата албайт. Эмне себептен сапатсыз көмүр келе тургандыгы тууралуу менин маалыматым жок», - деди ал.

Аталган мектеп 1973-74 жылдары курулган. Учурда жалпы 420 окуучу 2 мөөнөт менен окушат. Аталган мектепке кошуна 4 айылдан да балдар келип окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×