Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 25.01.2017 16:41

Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Атамкулов шайланды

Turmush -  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу 63 жаштагы Анаркул Атамкулов шайланды. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 25-январда өттү. Ага Анаркул Атамкулов, Эмилбек Жороев, Атсейт Самандаров ат салышкан. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Анаркул Атамкулов 13 добуш, Эмилбек Жороев 4 добуш, Атсейт Самандаров 4 добуш алды.

Анаркул Атамкулов буга чейин Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×