Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткенде 2016-жылдагы экспорттун көлөмү 9,4 млн долларды түздү

Turmush -  Баткенде 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча облустук коллегия өттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Коллегияда Баткен облусунун 2016-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2017-жылга милдеттер, Баткен облусунун 2015-2017-жылдарга өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча 2016-жыл ичинде өнөр жайынын көлөмү 4335,9 млн сомго өндүрүлдү. Ал эми физикалык көлөмү 93,6% га аткарылды, айыл чарбасы 14428,2 млн сомго же өсүү темпи 106,5%, чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 13354,7 млн сомго же 106,5%, түздү. 2016-жыл ичинде 9200 жумушчу орун түзүлдү. 2016-жыл ичинде экспорттун көлөмү 9,4 млн АКШ долларын, ал эми импорттун көлөмү 29,3 млн АКШ долларын түздү.

Облустун өнөр-жай тармагында 2016-жыл ичинде 30 өнөр-жай ишканасы ишин активдештирип, 6 токтоп калган өнөр-жай ишканалары ишке киргизилди. Инвестиция тартуу тармагында 2016-жыл ичинде облус аймагында 1032 долбоор жазылып 4726,6 миң сомдук акча каражаты тартылды. Анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 1168,1 миң сом.

Жыйындын жүрүшүндө облус жетекчиси Абиш Халмурзаев райондук мамлекеттик администрация башчылары жана шаар мэрлерине жазгы-талаа жумуштарына даярдыктарды күчөтүү, тамчылатып суугаруу системасын киргизүү менен сугат сууну үнөмдүү пайдалануу, күнөсканаларды курууну колго алууну, гарантиялык фонд жана түрткү берүүчү грант менен иштөөнү тапшырды. Ошондой эле ал 2017-жыл Баткен облусунда «Таза коом, таза суу» жылы деп жарыялоону сунуштады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2871
Көп окулду
×