Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Т.Кадыров шайланды

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Таалайбек Кадыров шайланды.

Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн 25-январда өттү. Ага Таалайбек Кадыров, Асланбек Абылкасымов, Абдужалил Темирбаев ат салышкан. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, 1 турда Таалайбек Кадыров 11 добуш, Асланбек Абылкасымов 4 добуш, Абдужалил Темирбаев 6 добуш алышкан.

Таалайбек Кадыров мындан мурда да айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2706
Көп окулду
×