Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Коймуратов шайланды

Turmush -  Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Коңурбай Коймуратов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 24-январда өттү. Аталган кызматка К.Коймуратов жалгыз талапкер болуп катталган. Аны айылдык кеңештин 21 депутатынын 20сы колдоду.

К.Коймуратов буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысыны орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2623
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×