Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Бакиров шайланды

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдыразак Бакиров шайланды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн өттү. Айыл өкмөт башчылыгына Абдыразак Бакиров жалгыз талапкер болгон. Шайлоодо жалпы 11 депутаттын ичинен 10 депутат катышып, алардын баары Абдыразак Бакировдун талапкерлигин колдошту.

Абдыразак Бакиров 1984-жылы туулган. Мындан мурда аталган айыл өкмөттө бухгалтер болуп иштеп жүрүп, 3 айдан бери мурдагы айыл өкмөт жумуштан кеткенден улам анын ордуна убактылуу айыл өкмөт болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3602
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×