Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 23.01.2017 18:11 На русском

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу А.Абдурахманов шайланды

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-ирет Ахматжон Абдурахманов шайланды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 23-январда өттү. Аталган кызматка 53 жаштагы Ахматжон Абдурахманов жалгыз талапкерлигин койгон. Шайлоого 30 депутат катышып, анын талапкерлигин 29 депутат колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×