Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 16.01.2017 18:30

Баткенде өнүгүү программасына 28 млрд сом каралды

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев район жана шаарлардагы жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган төрагалары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Абиш Халмурзаев кеңештин төрагаларын жаңы кызмат орду менен куттуктап, облуста жүрүп жаткан иштер жана алдыга коюлган план тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө өнүгүү кичи айылдардан, шаарлардан башталаарын белгилеп, эл өкүлдөрүн баштаган кеңештин төрагаларына жер-жерлерде тармактар боюнча иш алып барууну, айрыкча сапаттуу айыл чарба продукцияларын чыгарууну, чарбалык ишкердикти өнүктүрүүнү, кооперативдерди уюштурууну, кичи өнөр жай ишканаларын ачууну жана жергиликтүү бюджетти туура пайдаланууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө облустун жаңы өнүгүү программасына 28 млрд сом каралганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×