Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

«Айдаркен» сымап комбинатынын карызы 40 млн сомго жетти

Turmush -  «Айдаркен» сымап комбинатынын электр энергиясы жана айлык маяна үчүн карызы 40 млн сомго жетти. Бул тууралуу сымап комбинаттын директору Толубай Салиев билдирди.

Анын айтымында, карыздын көбөйүшүнө суу каптоо себеп болгон.

«Учурда «Айдаркен» сымап комбинатында 430 жумушчу иштейт. 2009-жылы комбинаттын 400 метрдей жерин суу каптап, анын кесепетинен ишибиз басаңдап калды. Суу каптагандан кийинки абалдан чыгуу үчүн өзүбүздүн күчүбүз жетпей, карызыбыз да көбөйүп кетти. Ал аралыкта маселе туурасында кытайлык инвесторлор менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Буюрса кытайлык инвесторлор менен келишимдин негизинде 1-2 айдын ичинде иштеп баштайбыз», - деди ал.

Т.Салиев аталган ишканада СССР учурунда 500 тоннадай сымап өндүрүлсө, 2016-жылы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 8 тоннага араң жеткенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2801
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×