Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Бишкектеги сынакта баткендик маданият кызматкерлер алдыңкы орундарды ээледи

Turmush -  Жакында Бишкек шаарында өткөн «Эл ичи - өнөр кенчи» кароо-сынагынын республикалык туруна Баткен облусунун атынан 4 маданият кызматкери катышып келишти.

Сынакка Алия Жамантаева, Карим Дыйканов жана райондогу манасчы Айбек Жунусов жолдомо алган. Кароо-сынактын жыйынтыгында Карим Дыйканов элдик аспаптарда ойноо боюнча 1-орунду камсыз кылып, 70 миң сом акчалай сыйлык менен I даражадагы диплом алды. Манасчылар арасында Айбек Жунусов 3-орунду камсыз кылып, 35 миң сом жана III даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми Алия Жамантаева «Жаныш-Байыш» эпосунан дастан айтуу менен 7 миң сом кызыктыруучу акчалай сыйлык жана ардак грамотага ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×