Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: 6 баланын 38 жаштагы апасы Т.Исманова 9 жылдан бери таар токуп бизнес кылууда (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарынын 38 жаштагы тургуну Тургунай Исманова кол өнөрчүлүк менен алектенип киреше табат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, килем согуп, таар токууну 14 жашынан тарта үйрөнгөн. Учурда таарлардын түрүн токуйт.

«Мурда сырттан кирген киреше аз болгондуктан ар бир үй-бүлөнүн аялдары өз үйлөрүндө килем согуп, сатыкка алып чыгышкан. Ошол кезде чоң энелеримден үйрөнгөн кесибимди бүгүнкү күнгө чейин улантып келем. Кийин турмушка чыгып, үйдө өзүм жалгыз болгондуктан таар токууга өттүм. Килемди 4 адам соксо, таарды 1 эле адам токуйт. Ошондуктан акыркы 9 жылдан бери таар токуп, буюртма берген адамдар менен иштешип келем. Таарлар да килем сыяктуу эле койдун жүнүнөн токулат», - деди ал.

Чебер айым мындан тышкары токуган таарлары менен көргөзмөлөргө катышып, жакшы киреше таап баштаганын кошумчалады.

«Бир таарды согуп бүтүү үчүн 10-20 күн убакыт кетет. Акыркы убакта башка облустардын эли кызыл түстөгү таарларды жактырбай, көк түстөгүсүн издей башташты. Ошондуктан таардын көк түстүүсүн токууга өтөйүн деп жатам. Таардын кыр мойнок, ай көчөт сыяктуу түрлөрүн көп жолу токудум. Акыркы убактарда көргөзмөлөргө катышып, таарлар көп сатылып, жакшы киреше таба баштадым. Көчмөндөр оюндарында эң мыкты токулган таарларды көргөмөгө койсом сатылып кетти. Быйылкы жылдан тарта ат жабдыктарын, ар кандай сумкаларды тигүүнү пландаштырып жатам», - деди ал.

Чебер айым 3 уул, 3 кыздын апасы. Жолдошу көмүр кенде иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×