Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Баткендин Сай айылындагы окуучулар мектепте 3 нөөмөт менен окуп жатышат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Сай айылындагы окуучулар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу айылдын тургуну Замирбек Жороев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын март айында 225 орундуу мектептин курулушу башталган. Имарат экинчи кабатка чейин курулуп, бирок курулуш иштери токтоп турат. Иштеп жаткан мектептин тардыгынан улам, окуучулар 3 нөөмөт менен окушат.

«Үчүнчү нөөмөттөгү окуучулар 40 мүнөттөн окуп, үйлөрүнө кечки саат 19:00дөн кийин кетишет. 3-4 чакырым алыстан каттап окугандар бар. Алар өтүүчү ээн жолдон карышкырларды көргөндөр балдарын окууга жиберүүдөн чоочуп жатышат», - деди ал.

Ал эми Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов Сай айылындагы жаңы мектептин курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калгандыгын билдирди.

«Өткөн жылдын октябрь айында курулуш иштери убактылуу токтотулган. Себеби каражат жагынан жетишпей калдык. «Люкс-Строй» компаниясы ишти алып барууда. Компаниянын бюджетинде акча болсо эле кайрадан курулуш иштери жүрүп баштайт», - деди Заитов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3593
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×