Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кадамжайда окуучулар арасында КВН өттү

Turmush -  Кадамжай районунда окуучулар ортосунда КВН биринчилиги өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, КВН «Кадамжай жаштары» коомдук фонду жана Кадамжай шаардык мэриянын демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду «KG лицей» тайпасы, 2-орунду «Имправизаторлор» тайпасы (Б.Айтматов мектеби), 3-орунду «Квадрат» тайпасы (А.Камбаров мектеби) ээледи. Жеңүүчүлөргө мэрия тарабынан грамоталар жана сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1879
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×