Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.12.2016 12:16 На русском

Лейлекте окуучулар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 21-декабрда Лейлек районунда окуучулар арасында жандуу сүрөт тартуу боюнча сынак болуп өттү. Бул тууралуу Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, сынакка 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар катышты. Жыйынтыгында сүрөт көргөзмө уюштурулуп, ага эң мыкты деп табылган сүрөттөр коюлду.
Сүрөт көргөзмөнүн жыйынтыгында 7-10 жаштагылар арасында 1-орунду Беш-Бала атындагы орто мектебинин окуучусу Кубанычбек кызы Тунугай ээледи. Ал эми, 2-орунду Кожояр атындагы орто мектебинин окуучусу Пайзуллаева Айназик, 3-орунду Курулуш атындагы орто мектебинин окуучусу Шамуратова Айзирек ээледи.

11 жаштан 13 жашка чейинки окуучулар арасында 1-орунду В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу Таалайбек уулу Алымкул, 2-орунду Кара-Булак атындагы орто мектебинин окуучусу Рыскулов Мурат, 3-орунду Маданият атындагы орто мектебинин окуучусу Жеңишбек уулу Мунарбек ээледи.

Ал эми, 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар арасында 1-орунду А.Набиев атындагы орто мектебинин окуучусу А.Медербек кызы, 2-орунду В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу Мурзалиев Адилет, 3-орунду Андарак орто мектебинин окуучусу Абдалимова Мутриба ээледи.

Жандуу сүрөт тартуу боюнча 1-орунду Кара-Булак атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Калбаев Нурдин, 2-орунду ушул эле мектептин 9-классынын окуусу Пулатова Элиза, 3-орунду Маданият атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Абдураимов Майрамбек ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×