Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Баткен 22.12.2016 11:32 На русском

Баткендеги балдар үчүн «Балаты-2017» майрамы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Баткен облусунун жетекчисинин «Балаты-2017» майрамы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага облустун бардык район-шаарларынан 100дөн ашык бала чакырылган. Алардын арасында окуунун алдыңкылары, оор шарттагы үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Лейлек районунун Айкөл айылынын Наркозу Баатыров орто мектебинен 6-класстын окуучусу Нурмухаммед бул салтанатка сабактарды жакшы окугандыгы үчүн чакырылган.

Майрамда балдарга ар кандай жомоктор, Аяз ата, Аяз кыз менен биргеликте оюн-зооктор көрсөтүлүп жатат. Иш-чаранын алкагында балдарга ысык тамак уюштурулуп, белектер тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×