Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 21.12.2016 11:59

Кадамжайда окуучулар арасында райондук олимпиада өттү (фото)

Turmush -  Кадамжай районунда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын райондук туру өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, олимпиадага 10-11-класстардын окуучулары катышты. Олимпиаданын аймактык туруна 302 окуучу, райондук туруна 261 окуучу катышты. Райондук турдун жыйынтыгында 34 окуучу облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×