Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткенде орус тили боюнча олимпиадада А.Каламбекова 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  18-декабрда Баткен шаарында өткөн предметтик олимпиадада В.Ленин атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айкөл Каламбекова орус тили сабагынан 1-орунду ээледи.

Анын айтымында, олимпиаданын шаардык туруна 5 окуучу катышкан. 1-турда «Дивное диво» жомогу жөнүндө дилбаян жазып, 2-турда фонетикалык, синтаксистик талдоо жүргүзүп, фразеологизмдердин маанисин табышкан. Ал эми 3-турда оозеки ыр айтышкан.

Жыйынтыгында 40 упай менен Айкөл Каламбекова 1-орунду камсыз кылган. Окуучу кыз учурда орус тили сабагы боюнча предметтик олимпиаданын облустук туруна даярданып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1964
×