Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Баткен облусуКадамжай району 11.12.2016 10:57 На русском

Алыскы Кара-Шородогу шайлоочулар Өзбекстандын Шахимардан анклавынан тоскоолдуксуз өтүп жатат, - район акими

Turmush -  Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров Кадамжай шаарындагы №8122 шайлоо участогунда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышты.

Акимдин айтымында, район боюнча жалпы 66 шайлоо участогу бар. Анын алтымышында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтсө, калган 6 шайлоо участогунда референдум өтүп жатат.

«Добуш берүү саат 08:00дө башталды. Айрым шайлоо участокторунда техникалык себептер менен кемчиликтер болуп жатат. Алар атайын даярдалган адистер тарабынан өз убагында калыбына келтирилди.

Шайлоого карата Кара-Шоро айылына окшош алыскы аймактарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлдү. Кара-Шоронун тургундары Өзбекстандагы Шахимардан анклавынан өтүп келип, Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү шайлоо участогунда добуш берип жатышат. Алар шайлоого активдүү катышууда», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×