Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.12.2016 14:46

Баткенде бала бакчанын тарбиялануучулары тарткан сүрөттөр аукционго коюлду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-декабрда Баткен мамлекеттик университетинде Кадамжай районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары адам укуктары боюнча тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Балдар адам укуктары бузулган учурларды, жарандардын укугун чагылдырган сүрөттөрдү тартышкан.

Укук коргоочулар тарабынан балдарга белектер тапшырылды. Ошондой эле балдардын сүрөттөрү аукционго коюлуп, баштапкы баасы 1000 сомду түздү. Аукциондон түшкөн акча балдар үйүнө которулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×