Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 30.11.2016 17:56

Кадамжайда «Тарыхы жок эл болбойт, мурасы жок жер болбойт» маданий кечеси өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Кадамжай шаарындагы «Солнышко» бала бакчасында «Тарыхы жок эл болбойт, мурасы жок жер болбойт» маданий кечеси өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чарада бала бакчанын тарбиялануучулары Курманжан датка, Бүбүсара Бейшеналиева, Исхак Раззаков сыяктуу тарыхый инсандардын ролун аткарышты. Маданий кече улуттук каада-салттарды жана ата-бабалардын тарыхын жаш муундарга жеткирүү максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×