Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Сүлүктүдөн Баткенге күнүнө 20 тоннадан көмүр ташылып жатат

Turmush -  Баткен шаарында көмүрдүн килограммы 6,30 - 6,50 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрия Сүлүктү шаарындагы көмүр базалары менен атайын келишим түзүп, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатат. Түзүлгөн келишим боюнча, Баткенге күнүнө 20 тоннадан көмүр жөнөтүлүүдө. Айыл башчылары көмүргө муктаж тургундардын тизмесин тактап, көмүр менен камсыз кылууда.

Буга чейин Баткенде аба ырайынын суук болуп кеткендигинен улам көмүрдүн баалары кымбаттап, көп өтпөй мэрия бааны арзандаткандыгы кабарланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2503
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×