Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 15.11.2016 11:25

Баткенде маданият кызматкерлеринин майрамы белгиленип жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-ноябрда Баткен шарында 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анда, Тарых жана маданият жылына карата облус аймагында өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө тасма көрсөтүлдү. Майрамдын алкагында Баткен облусу Көчмөндөр оюндарындагы «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалында көрсөткөн программа тартууланат.

Облус жетекчиси А.Халмурзаев алдыңкы маданият кызматкерлерине Ардак грамоталарды, ЖМК өкүлдөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×