Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 10.11.2016 15:15

Сүлүктүдө «Сүлүктү-2016» сүрөт көргөзмөсү өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-ноябрда Сүлүктү шаардык маданият үйүндө «Сүлүктү-2016» сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп интернаты тарабынан Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Ага шаардык мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Көргөзмөгө Баткен облустук көркөм сүрөт интернатынын мугалимдери жана окуучулары тарабынан тартылган сүрөттөр жана скульптуралар коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын руханий байлыгын өстүрүүгө кошкон салымы үчүн интернаттын директору Ибрагим Калбердиев жетектеген чыгармачыл топко Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Ибрагимов акчалай сыйлык тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×