Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 04.11.2016 15:58

Кадамжайда айыл өкмөттөр арасында кол өнөрчүлүк боюнча сынак өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Кадамжай районундагы айыл өкмөттөр арасында атайын сынак өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кадамжай райондук маданият бөлүмүнөн билдиришти.

Сынак Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган. Иш-чарага Ак-Турпак, Бирлик, Орозбеков жана Чаувай айыл өкмөттөрү катышып жатат. Анын алкагында айыл өкмөттөр концерттик программа, кол өнөрчүлүк, эски тарыхый буюмдардын, боз үйдүн жасалгасы жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү боюнча таймашып жатышат. Сынакка мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жана жергиликтүү тургундар күбө болууда.

Жеңүүчүгө райондук мамлекеттик администрация тарабынан 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×