Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 31.10.2016 17:52

Халмиондогу «Мурас» элдик музейинде мугалимдер чет өлкөлөрдөн алып келген буюмдар да сакталуу (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылындагы Токтогул атындагы мектепте «Мурас» элдик музейи ачылган.

Мектептин директору Элиер Комилжановдун айтымында, музей 1989-жылы ардагер мугалим Арстанбек Тажибаев тарабынан уюштурулган. Учурда музейде 2500дөн ашык экспонаттар бар. Музейде негизинен Халмион айыл аймагында жашаган калктан жыйналган тарыхый буюмдар орун алган.

«Музей 7 бөлүктөн турат. 1-бөлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жөнүндө маалыматтар, алардын жазган каттары, колдонгон буюмдары, мылтыктар сакталуу.

Ал эми, 2-бөлүгүндө мектептин тарыхы тууралуу маалыматтар, мектептин эң алгачкы макети жана азыркы макети бар. 3-бөлүгүндө колхоздун тарыхы, колхоздоштурууга салым кошкон инсандар жөнүндө маалыматтар, 4-бөлүгүндө Кыргызстанда пайдаланылган акча бирдиги тууралуу маалыматтар, 5-бөлүгүндө Кыргызстандын экологиясы, Кыргызстандын кызыл китеби тууралуу маалыматтар жана 6-бөлүгүндө "Манас" эпосу тууралуу маалыматтар берилет. Ал эми 7-бөлүгү бул музейдин контору. Ал жерде чет өлкөгө чыккан мугалимдерибиз ала келген буюмдар сакталат», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×