Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.10.2016 19:08

Сүлүктүдө «Тамашоу» лигасынын күзгү сезону өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-октябрда Сүлүктү шаарындагы маданият үйүндө «Тамашоу» лигасынын күзгү сезону өттү. Бул тууралуу шаардык маданият үйүнүн кызматкери Айнура Ахматова билдирди.

Иш-чарага Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова, шаардагы окуу жайлардын мугалимдери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Оюнга 7 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду «Красавчиктер» командасы ээледи. Ошондой эле, «Мыкты оюнчу» номинациясына №8 орто мектептин окуучусу Бекзат ээ болду. «Мыкты видео» номинациясын №3 орто мектептин «Элестет» командасы жеңип, «Мыкты команда» номинациясына «Энтертейвин» командасы ээ болду.

Жеңүүчүлөргө мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар, громаталар, дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×