Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 21.10.2016 12:07

Баткенде 1 кг көмүр 5,50 сомдон 7 сомго чейин сатылууда (видео)

Turmush -  Баткенде Cүлүктүдө өндүрүлгөн көмүрдүн килограммы 5,50 сомдон 7 сомго чейин сатылууда. Ал эми, Самаркандек көмүрү 4 сомдон бааланууда. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.

IMG-20161021-WA0044

Алардын айтымында, учурда 10го жакын чоң унааларда Самаркандек жана Сүлүктү көмүрлөрү сатылып жатат. Күндүн сууктугуна байланыштуу алуучулардын саны да арбын болууда. Бааны сатуучулар өздөрү коюшат.

22

Калык Кошматов 3 жылдан бери Сүлүктү шаарынан көмүр алып келип сатат. Учурда көмүрдү 4 сомдон алып келип, Баткен шаарындагы базарда 5,50 сомдон сатып жатат.

Буга катар эле сатуучулар көмүрлөрдү кардарларынын үйлөрүнө да жеткирип беришет.

IMG-20161021-WA0046

IMG-20161021-WA0045

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×