Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 17.10.2016 17:26

Н.Абдыкалык уулу баткендик кыздардын арасында «Алтын кыз» сынагын уюштурат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Нурмухаммед Абдыкалык уулу селкилер арасында «Алтын кыз» сынагын өткөрүүгө даярданып жатат. Аймактык кабарчы уюштуруучу менен маектешти.

Анын айтымында, «Алтын кыз» сынагы 11-ноябрда өткөрүлөт.

«Учурда кыздарды тандоо туру бүткөн. Жалпы 10 катышуучу аныкталды. Алардын даярдыгы кызуу жүрүп жатат. Кыздар сынактын алкагында жандуу ыр, бий, видеоролик даярдоо боюнча өнөрлөрүн тартуулашат. Өзүм продюсерликке кызыгам. Буга чейин Бишкек шаарында кино тармагында иштеп келгем. Эми Баткенимдин сулууларын даңктайын деп аракет кылып жатам. Бизде сулуу, акылдуу, таланттуу кыздар көп», - деди Нурмухаммед.

«Алтын кыз» сынагынын жеңүүчүсүнө 10 миң сом акчалай сыйлык жана таажы ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×