Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу 28.09.2016 10:28

Баткенде «Биз кыргыз жараныбыз» этнофестивалы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Баткен облустук А.Жайнаков атындагы драма театрында «Биз кыргыз жараныбыз» этнофестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын максаты – Кыргыз Республикасындагы элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу. Иш-чарага 350дөн ашык адам катышып жатат.

Фестивалда Баткен облусунун аймагында жашаган ар кайсы улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салттарын, кийимдерин, ыр-бийлерин көрсөтүп, конокторго тааныштырууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×