Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 12.08.2016 11:23

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик А.Нишанбаева бир нече музыкалык аспапта ойноп, обон чыгарат (видео)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 38 жаштагы тургуну Айжамал Нишанбаева көп кырдуу таланттын ээси. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аккардеон, пианино, ооз комуз чертип, кол өнөрчүлүк менен да алектенип, кийим тигип, бош убактысында ыр жазып, пародияларды жаратат. Ал Ош шаарында музыкалык билим алган. Андан соң, Баткен мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Учурда райондун аймагындагы иш-чаралар ансыз өтпөйт.

А.Нишанбаева учурда Б.Нарматов атындагы орто мектепте тарых жана музыка сабактарынан мугалим болуп эмгектенип келет.

«Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, алдыңкы орунга ээ болдум. А.Жайнаковдун ырларынын сынагында 1-орунга ээ болуп, Бишкектеги эскерүү кечесине катыштым. Жолдошум Кубаныч дагы ыр жандуу адам. Экөөбүз чогуу ырдап, «Кош жылдыз» аталып келебиз. 40ка жакын ырга обон жараттым. Мен билим берип жаткан окуучуларымдын арасында таланттуу окуучулар көп. Аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, жаңы таланттардын ачылышына аракет жасайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×