Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу, Баткен 09.08.2016 16:58

Баткенде Көчмөндөр оюндарына катышуучулар тандалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Баткен облусунун атынан Көчмөндөр оюндарына катышуучуларды тандоо сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунан даярданып келген катышуучулар өздөрүнүн сахналаштырылган программаларын көрсөтүштү.

Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография кафедрасынын башчысы, Көчмөндөр оюндарынын облустар боюнча координатору Зарылбек Молдобакиров Баткен облусу Көчмөндөр оюнуна 80% даяр экенин айтты.

«Биз баардык облустардын Көчмөндөр оюндарына болгон даярдыктарын көрүп келе жатабыз. Баткендин даярдыгы эң мыкты. Мен мынчалык деңгээлдеги даярдыкты күткөн эмесмин», - деди Молдобакиров.

Элдик ырларды жана ата-бабалардын саркеч кийимдерин алып келген Абдивали Мусаев облустук сынактан өтүп, Көчмөндөр оюндарына жолдомо алуусуна ишенет.

«Биз көп айдан бери кызуу даярданып келебиз. Элдик ырларды унутта калтырбай, даңазалап чыгалы деген максаттарыбыз бар. Бүгүнкү алып келген элдик ырларыбыз да көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапты. Биз мекенибизди бүткүл дүйнөгө таанытабыз деген биримдикте келип отурабыз. Албетте, облустук сынактан өтөбүз деген ишенимдебиз», - деди Мусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×