Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Элдик уламыш: Зардалыда 600 жылдан бери мөмө берип жаткан өрүк өсөт (фото)

Turmush -  Баткендин Зардалы айылында 600 жылдан бери өсүп турган 1 түп өрүк менен 1 түп алмурут бар.

Жергиликтүү карыя Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, Зардалынын тургундары «Өрүк тарыхы» акциясын өткөрүп, 6 кылымдан бери өсүп турган дарактардын ашыкча бутактарын бутап, айланасын тазалап келишкен.

«14-кылымда Сакы бабабыз ушул жердеги чытырман токойду өрттөп, өз урпактарына жер өздөштүрүп бериптир. Ошол өрттөн жалгыз ушул өрүк менен алмурут калган дешет. Кийин өрттөлгөн дарактардын тамырларынан кайрадан бак өсүп, көчөттөрү башка жерлерге тараган. Натыйжада Зардалы айылы өрүктүн мекени деп аталган. 6 кылым жашаган өрүк азыр да мөмө берет. Жанында 3-4 кылым жашаган өрүктөр бар. Байлыгыбызды сактап калуу милдетибиз.

Сакы атадан Кожояр, Досояр (Досой), Атаяр, Ботояр деген уулдар калган. Азыр биз Ысык-Көлдүн Кожояр айылынын эли менен тууган чыгып, катташып жатабыз», - деди аксакалдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8075
Көп окулду
Элдик уламыштар
×