Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 02.08.2016 11:31

Баткенде Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык жүрүп жатат

Turmush -  Баткенде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облус жетекчисинин орун басары Саитбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, облустун атынан Көчмөндөр оюндарына баруучулар тандалат.

«Бул этнофестивалга биздин облустан 200 адамга квота берилген. Бирок, биз 350дөй кишини алып барууну пландап жатабыз. Бизге 25 боз үй тигүү тапшырмасы берилген. Анын 7сүн хан ордого тигебиз. Хан ордого жалпы 40 боз үй тигилет. Биз "Баткен ордосуна" 18 боз үй тигебиз. Боз үйлөрдү жайгаштыруу эскиздерин алганбыз. Ошондой эле, ар бир боз үйдүн ортосуна териден жасалган буюмдарды жана Баткен-Лейлек килемдерин коюбуз. Ал эми бренд катары өрүк комузду жана ооз комузду көргөзмөгө алып чыгабыз», - деди ал.

Баткендиктер буга катар эле, ыр-бий, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу жана башка программалар боюнча даярданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×