Turmush — Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну Амеджанов Мырзабек атасы мурас катары калтырган жылкылардын санын көбөйтүү аракетинде.
М.Амеджанов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, жылкы жаныбары кыргыздар жанынан артык көргөн мал болуп эсептелет. Жылкыны ар бир адам эле бага бербейт.
«Жылкы багууда көп кыйынчылыктар бар. Көпчүлүк адамдар ага чыдабай, жылкыларын жок кылууда. Жылкыны өстүрүү үчүн аны сүйүп, түшүнүү керек. Жылкы алгач адамды сынайт. Ошол сынына чыдаган адамдар гана үйүр жылкы күтө алышат. Мага бул сырды атам көп айтчу эле, убагында ал сөзгө маани бербептирмин. Көрсө атам туура айтыптыр.
Жылкы өтө таза жана акылдуу мал болот. Мен жылкы багууда санына эмес, анын сапатына көп көңүл бурам. Жайлоого чыккандардын көпчүлүгү муну түшүнбөйт. Эгерде үйүрдө начар жылкы тукуму болсо дароо кутулганга аракет кылам. Көптөгөн аракеттен улам жылкылардын тукумун жакшы тукумга алмаштырып алдым.
Мисалы, 1 жылкым бир сааганда 1 литрден сүт берет. Жылкыны 2 саатта бир саап турушат. Арасында 1,5 литр сүт берген саан бээлерим бар. Бээ сүттүү болсо кулун тың болуп, желеде береке болот. Жакшы бээлерди жоош кылып тарбиялоо өзүнчө машакат. Жылкы өтө кыялдуу да келет. Бээни саан учурунда сөзсүз кулунуна жагызуу керек. Анткени кулун салганда бээ ийип, сүтү көбөйөт. Бул мал дагы энелик мээримин төгүп, кулунуна көп сүт бергиси келет», - дейт М.Амеджанов.
25 жылдан бери келин-уулдары менен жыл сайын 3 боз үй тигип, жайлоого чыгышат.
«Келиндерим балдары менен жасаган куруттарын, даярдаган кымызын жол жээгинде туруп сатышат. Тапкан кирешелерин өздөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарына жумшайт. Мен болсо үйүрдөгү жаш бээлерди желеге көнгүчөктү карайм.
Таңзаарда туруп, жылкыларды желеге айдап келем. Бул жайлоодо таластык туугандар менен жакын турабыз. Алар менен ынтымагыбыз жакшы. Жылкыларымдын алдын 100 миң сомго чейин сатам. Ар бир 3 жылда айгырды алмаштырып турам. Айгырды көбүнчө Чүйдөн алып келем. Акыркы жолу айгырды 180 миңге сатып алгам», - деди М.Амеджанов.