Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 19.07.2016 14:41

Кулундуда аксакалдардын демилгеси менен курулган музейде эл топтогон экспонаттар сакталат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кудайкул Ниязматов атындагы Кулунду тарыхый аймак таануу музейинде элдин жардамы менен топтолгон экспонаттар сакталуу. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына музейдин башчысы Тажигүл Арзыбаева билдирди.

Анын айтымында, музей аксакалдардын демилгеси менен 1987-жылы 9-майда ачылган.

«Музейди куруу демилгеси айыл аксакалдарына таандык. Аксакалдар тарабынан музей куруу демилгеси көтөрүлүп, 3 кабаттуу имарат салынган. Анын 1-кабатын китепкана, 2-кабатын музей, 3-кабатын чайкана кылышкан. Ошондон тарта аксакалдар Кулунду айыл аймагынын тургундарына жарыя салып, элдеги эски буюмдарды топтоп беришкен. Ошонун натыйжасында элден буга чейинки кылымдарда колдонулган кумара, ат жабдыктар, ийик, карапа сыяктуу ар кандай буюмдар чогултулган.

Азыркы тапта 1182 даана экспонат бар. 2013-жылы музей 3 млн сомго оңдотулуп, экспонаттар айнек кутучалардын ичине коюла баштады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×