Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 12.07.2016 09:01

Элдик уламыш: Чөп мол өскөн аймакка Гөлбө айылы негизделген (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Гөлбө айылында 1700 адам жашайт. Гөлбө — тегерек четин бөксө тоолор курчаган, табияты эң кооз айылдардын бири. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалын тактады.

Элдик уламышта Гөлбө айылы илгертеден чөп мол өскөн аймак катары айтылат. Мурдатан эле бул жерде чөп орулуп, бооланып турган. Жолоочулар ары-бери өткөн сайын «чөп гөлө-гөлө (жергиликтүү диалектиде мол деген мааниде) бооланган жерден өттүк» деп айтышкандыктан, бара-бара аймак Гөлбө айылы деп атала баштаган.

Элеттин тургундары мал чарба менен алектенет. Алардын айтымында, эң эле көйгөйлүү маселелердин бири сугат суунун тартыштыгы. Ошондон улам дыйканчылык кылууга шарт жок экендигин белгилешет.

Гөлбө айылы Исфана шаарынын карамагына кирет. Тарыхта Гөлбө айылына отурукташуу 1870-жылдардан тарта башталганы айтылат. Кыргыздар ошол учурда тоют чөп мол өскөн аймакка отурукташып, мал чарба менен тиричилик кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×