Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 20.06.2016 10:07

Элдик уламыш: Тарыхый фактылар менен уламыштарга бай Кара-Булак айылы (фото)

Turmush -  Кара-Булак айылы Лейлек районунун борбору болгон Исфана шаарынын чыгыш тарабынан орун алган. Кара-Булак Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш бөлүгүндө орто кылымдарда өнүккөн шаарча болгону айтылат.

Шаарча биринчи жолу 1951-жылы А.Бернштам тарабынан изилденген. Ал кыштактын ортосунда жайгашкан чоң дөбөнү изилдеген. 1957-жылдан тартып шаарча системалык түрдө изилдене баштаган. Археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде табылган ар түрдүү сүрөттөр салынган чоподон жасалган буюмдарга караганда Кара-Булакка адамдар биздин эранын биринчи кылымында отурукташкан.

Айылдагы анчалык чоң эмес коргон 1964-жылы архелогдор тарабынан казылган. Аталган коргон айылдын түштүк-батыш тарабынан орун алып, шаарчанын гүлдөп өнүгүүсү 11-12 кылымга таандык болгону айтылат. 

Азыркы күнгө чейин сакталып келген айылдын ортосундагы дөбө Тоголок Дөң деп аталат. Архелогиялык казуулардын мезгилинде ал дөбөдөн бийик курулган дубалдын урандылары табылган. Алар бир нече ирет кайрадан калыбына келтирилгени аныкталган. Анын узундугу 100 метр, туурасы 60 метр, бийиктиги 8 метрге чейин сакталган.

Дөбөнүн түштүк жагында бийигирээк жери, дөбөнүн кээ бир бөлүгүндө үйлөрдүн урандылары бар. Ал үйлөрдүн эң байыркы мезгилде курулганынан кабар берет. Дөңдөн 200 метр аралыктан табылган чоподон жасалган буюмдар 11-12 кылымдарга таандык деп табылган.

Ошондой эле, казуу убагында дөбөдөн коло тыйындар, чоподон жасалган бүтүн идиштер табылган. Чоподон жасалган табылгалар устакананын дагы болгондугунан кабар берет. Эки жерден суу түтүкчөлөрү табылган шаарча жалпы 5 гектар жерди ээлеп турган. Бул шаарчанын айрым жерлери бүгүнкү күнгө чейин сакталуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×