Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 31.05.2016 11:42

Төкмө акындардын Лейлектеги айтышында жеңгендер 300 миң сомго чейинки акчалай сыйлык алды

Turmush -  Лейлек районунун Тоо жайлоосунда төкмө акындардын айтышы болуп өттү. Айтышка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар күбө болду.

Айтышка жалпы 20 акын катышып, алгачкы бөлүгүндө 10 жуп айтышты. Анын жыйынтыгында калыстар тобу 8 акынды жарым финалга чыгарды.

Ал эми, финалга Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев жана Жеңишбек Жумакадыров чыгып, Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыров баш байгеге айтышты. Жарым финалга өтпөй калган 12 акынга 10 миң сомдон, жарым финалга чыккан 4 акынга 40 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында Амантай Кутманалиев 3-орунду ээлегени үчүн 70 миң сом, 2-орунду ээлеген Азамат Болгонбаев 100 миң сом, 1-орунга чыккан Жеңишбек Жумакадыров 150 миң сом менен сыйланды. Ал эми, баш байгенин ээси Аалы Туткучевге 300 миң сом тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×