Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 21.05.2016 15:35

Кадамжайда Туяк ырчынын 160 жылдыгы белгиленүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-майда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында Туяк ырчынын 160 жылдыгына карата чоң иш-чара өтүп жатат. Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Ч.Султанбекова, М.Мадеминов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматов, «Ыйман» фондунун төрагасы Н.Кадырбеков жана облустук, райондук жетекчилер катышууда.

Маалыматтарга ылайык, Туяк Эрназар уулу Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Пум айылында туулуп, ошол жерде жашап өткөн. Туяк ырчынын ысымын Исфайрам чөлкөмүндө жашаган эл ооздон түшүрбөй, анын ырчылык талантын кеп кылышат. Ырчынын 160 жылдык мааракеси Тарых жана маданият жылына карата республикалык деңгээлдеги 78 иш-чаранын тизмесине кирген.

Мааракеде боз үйлөр тигилип, оюн-зооктор, ырчылардын концерти, төкмө акындардын айтышы район тургундарына тартууланууда.
Мааракеге арналып акын Эгемберди Эрматовдун «Туяк ырчы» деген китеби жарык көрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×