Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.05.2016 15:41

Кадамжайда Туяк ырчынын мааракеси чоң масштабда өтөт

Turmush -  20-21-май күндөрү Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында Туяк ырчынын 160 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Асилбек Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага район аймагындагы белгилүү инсандар, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров баш болгон мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүүлөр катышат.

Учурда бул кечени өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Маалыматтарга ылайык, Туяк Эрназар уулу Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Пум айылында туулуп, ошол жерде жашап өткөн. Туяк ырчынын ысымын Исфайрам чөлкөмүндө жашаган эл ооздон түшүрбөй, анын ырчылык дараметин көп кеп кылышат. Ырчынын 160 жылдык мааракеси Тарых жана маданият жылына карата республикалык 78 иш-чаранын тизмесине кирген.

20-май күнү Кызыл-Кыя шаарында ырчыга арналган илимий-практикалык конференция өтсө, 21-май күнү мааракелик иш-чара Пум айылындагы Очок-Таш тилкесинде улантылат. Мааракеде боз үйлөр тигилип, оюн-зооктор, ырчылардын концерти, төкмө акындардын айтышы өтөт.

Мааракеге арналып акын Эгемберди Эрматовдун «Туяк ырчы» деген китеби жарык көрдү. Бул маараке чоң масштабда өтүүсү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×