Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 19.05.2016 14:34

Баткендеги «Айгүл-Тоо» айымдар тобу 10 жылдан бери маданиятка салым кошуп келет (фото)

Turmush -  Баткен шаарында 15 аялдан куралган «Айгүл-Тоо» айымдар тобу ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышып келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына топтогу айымдар билдиришти.

Алардын айтымында, топтун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул топ алгач Баткен районундагы айымдардан куралган. Алар улуттук ырларды, дастандарды ырдап, унутулуп бара жаткан каада-салттарды көрсөтүп, шаардык, райондук, облустук ар кандай иш- чараларга катышып келет. Концерттик формаларын айымдар өздөрү тигишет.

Ырчы айымдар ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Апас Жайнаковдун 55 жылдыгына карата уюштурулган сынакта баш байгени жеңип, Бишкектеги концертке жолдомо алышкан. Андан тышкары Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган сынакта 3-орунга ээ болушкан.

«Биздин топто 3 баатыр эне, курак кураган, ар кандай көйнөктөрдү тиккен, сайма сайган айымдар бар. Керектүү кийимдерибизди өзүбүз тигип алабыз. Акыркы учурларда Баткен мэриясы колдоого ала баштады», - деди топтун жетекчиси Арзыкан Ормонова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×