Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Элдик уламыш: Лейлектин Кара-Булак айылындагы жалгыз булакты кара таштар каптап турган (фото)

Turmush -  Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылынын аталышы кара таштардын көптүгүнө байланыштуу. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочусу Абдыкадыр кызы Назгүл айтып берди.

«Илгери бул айылдын ичээрге суусу, көлөкөлөп жатканга бак-дарактары жок, сууга зарыккан кургак, таштак айыл болгон. Мындай жашоого чыдай албаган айыл эли суу алып келип, бак-дарактарды көбөйтүү жөнүндө көпкө ойлонушат. Суусуз кыйналып жашаган калк жердин түбүнөн суу чыгат деп ойлоп, тегиз, жумшак жер жок болгонуна карабай жерди каза башташат.

Казылып жаткан жер катуу, кара таштуу, таштак жер болгон. Жердин катуулугуна карабаган эл суу чыгат деген үмүт менен каза беришет. Жерде кара түстөгү таштар көп болуп, ар бир кетмен тийген жерден кара таштар чыгып турган. Акырында жерден суу чыгып, элдин көптөн күткөн үмүтү ишке ашып, булак пайда болгон. Бирок пайда болгон булактын айланасында кара таштар жоголгон эмес. Эл булактын ичиндеги, айланасындагы кара таштардын көптүгүнө таң калып, "кара таштуу булак" деп атап алышкан. Ошондон улам Кара-Булак айылы деп аталып калган», - деди Н.Абдыкадыр кызы.

Кара-Булак айылынын жашоочулары негизинен картошка жана жүгөрү өстүрүшөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9624
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×