При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Ой-пикир: Томуктай жердин тоодой түйшүгү, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Кыргызстан мыйзамдуулукта күн кечирбеген, башаламандуу мамлекет экендигин жыл сайын эмес ар айда, ай сайын эмес, кааласа ар күнү ар кандай окуялар менен далилдеп келгени келген. «Кайда барсаң Мамайдын көрү» деген байыркы накыл кеп, чын чынында эгемендик алганыбыздын алгачкы беш жылынан тарта же 20 жылдан бери нагыз өз өкүмүн сүрүүдө. Мындан ары да айранга талкан чалган «ботко» иш аракеттерибиз качан токтоору али белгисиздиктин мейкиндигинде. Анткени «тиш кайроонун» кезектеги кенемтемеси Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасында кайрадан калкып чыкты.

Бүтпөгөн курулуштун бүтпөгөн чыр башаты

Уруш «жамбаш талаштан» чыкты демекчи, дароо эле кеп кенемтемесине келсек, бир учурда Нарын өндүрүштүк кооператив башкармалыгы ал учурдагы шаардагы жалгыз көзгө басар базардын күн батыш тарабындагы курулушу бүтпөй калган С.Орозбак уулу атындагы көчөнүн жээгиндеги катар номуру жок имаратты пулдоо тууралуу 1993-жылдын 2-июль күнү №21 токтомун чыгарат. Тогуз айдан кийин заты бар, бирок аталышы өзгөргөн «Нарын» соода базар комплексинин жамааты жалпы чогулуш жасап, ага катышкан 29 адам бул чала-чарпыт башталган жайды андан ары курууга дареметтин жоктугун баса белгилешип, сатып алууга арыз берген Нарын шаарынын жашоочусу Куларахан Асановага сатууга 15-апрелде №2 токтом кабылдап, курулушту баалоо жана эсептешүүнү башкы эсепчи Чекировага катуу тапшырышат. Өлкөнүн менчиктештирүү саясатын илгиртпей түшүнүп, базар экономикасын алдын ала туя билген К.Асанова туура төрт жыл өткөндөн кийин шынааны бекемдөө үчүн ал мезгилдеги жергиликтүү бийлик болгон шаар башкармалыгына баш багат. 1998-жылдын 1-октябрь күнүндө шаар башкармалыктын башчысы А.Кермакунов береги бүтпөгөн курулушту азык-түлүк жана эл керектөөчү дүкөн кылып курууга уруксат берген №24 буйругун чыгарат. Анда дүкөн кылып курууга бардык тиешелүү иш кагаздарды бүткөрүү жагы архитектура жана курулуш көзөмөл инспекциясына, ал эми К.Асановага тийиштүү органдардан каттоодон (салык, социалдык кор, стат ж.б.) өтүү менен дүкөндүн айланасын таза, ирээттүү кармоо, ошону менен бирге жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жагы милдеттендирилет.

Бирок эң биринчи Нарындагы кызык жагдай ушул буйрук чыгарылгандан кийин 22-октябрда болуп өтөт. Ал маалда «Нарын» соода борбору деп аталып калган юридикалык жак (кол койгон Казыбек Абдырасулов) менен К.Асанованын ортосунда пайдалануу аянты 68,40 чарчы метрди түзгөн турак жай эмес имаратка №751 сандуу сатуу-сатып алуу келишими түзүлөт. Келишимге ылайык К.Асанова 2600 сомго сатып алат. Кызыктын биринчиси жамаат макулдугу менен сатууга берилген бүтпөгөн курулуштун төрт жылдан кийин сатылышында болууда.

Эмнеси болсо да 68,40 чарчы метр жер К.Асановага берилген экен. Бирок ошол жылдардан тарта шаар бийлигинин буйругу кыйшаюусуз аткарууга алынып, дүкөндүн айланасы тосулуп, бак-дарактар тигилсе, анда азыркыдай эң эле ыпластуу базар болмок эмес. Демек учурунда шаар башкармалыгы дагы токуган буйругунун жүзөгө ашканына эч кызыкпаган деген тыянак өзүнөн-өзү калкып чыгууда. Демек бийликтин чалпоолугунан улам теңсиздик келип чыгып, чырылдашуулардын аягы басылбай, түпкү натыйжасы болсо мындан ары да бүдөмүк бойдон кала берүүдө.

Ээси арасат 225,48 чарчы метр жер

Ошентип жогорудагы жайды жеке ээлигине алган К.Асанова курулуш куруп, дүкөндү «Чаргын» деп атап, ишмердүүлүгүн баштайт. Ал учурда дүкөндүн түштүк ыптасынан С.Орозбак көчөсүнө чейинки жана дүкөндүн эниндеги жер (жалпысы 225, 48 ч/м) бош болуп, негизинен шаардык муниципалдык менчиктин ээлигинде кала берет. Бирок турмуш агымы токтобогондуктан эң алгач ошол бош турган жерге шаар тургуну Лира Абдылдаева 2000-жылы кичи күркө коюп, соода-сатык менен тиричилик өткөрө баштайт.

Арадан эки жыл өткөндөн соң «кызыкстан Кыргызстандын» Нарындагы экинчи өңүтү 2002-жылы башталып, май айынын бир күнүндө К.Асанова Л.Абдылдаевага кайрылып, бул жерлерди мамлекеттик каттоодон жеке ээликке алгандыгын божурап, мындан ары жер үчүн айына 3 миң сомдон ижара акыны төлөп турууну милдеттендирип, болбосо күркөсүн алып кетүүнү талап кылат. Ал эми 2003-жылга чейин ал жерден дагы төрт күркө орун алат жана алар дагы ай сайын 3 миң сомдон К.Асановага санап берип турушат.

«Клара (алар Кулараханды кыскача ушинтин аташат) бул жерди мен алдым, Мамкаттоонун документи мына деп көрсөткөндүктөн эле, ал айткан 3 миң сомду айына 2008-жылга чейин берип келдик», - дейт Л.Абдылдаева айым.

Көрсө өлкө боюнча жүргүзүлгөн тутумдук каттоонун негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2002-жылдын май айында К.Асанованын турак жай эмес имараты каттоодон өткөрүлүп, дареги С.Орозбак уулу көчөсү №46 «Д» деп көрсөтүлөт. Ошону менен бирге имараттын алдындагы жер аянты кошо катталып, жалпысы 413,85 ч/м кыймылсыз мүлккө № 4-05-02-0002-1058 идентификациялык код берилет.

Аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Акматовдун маалыматына кайрылсак.

«Биз тараптан 2002-жылы изилдөө жумуштары жасалып, анын негизинде К.Асанова үчүн жалпысы 413,85 ч/м аянтка, мындан 93,02 ч/м дүкөн үчүн кадастр планы чийилген. Анда аталган дүкөндүн артындагы жерлер да кошулган. Ал эми 2012-жылдын 13-декабрь күнү биз тараптан ушул аянтка техникалык паспорт берилген», - деп түшүндүрмө берди Т.Акматов. 

Ошол эле учурда К.Асанова дүкөндүн алдындагы жер аянты үчүн шаардык муниципалдык менчик департаментине ай сайын 1900 сомдон жер үчүн төлөп турган.

«Бул жер жеке менчикке берилбеген жер болгондуктан биз 2008-жылдан баштап "Чаргын" дүкөнүнүн алдында орун алган төрт күркө менен өз ара келишим түзүп, мыйзамдуу жер акысы үчүн каражат ала баштадык. Болгону бир гана күркө турган жер муниципалдык менчик департаментине карабай калды. Ал эми К.Асанова ошондон тарта бизге төлөм төлөөнү токтотту», - деп билдирди муниципалдык менчик департаментинин эсепчиси Мунар Анапияева.

Бул пикирге ал жерге күркө коюп соода кылгандар кошулушат.

«2008-жылы жер муниципалдык менчик департаментке таандык деп, алар биз менен өз ара жыл сайын келишим түзүшчү. 2014-жылга чейин айына 750, андан бери бир жыл 1075 сомдон акыны муниципалдык менчик департаментке төлөп келгенбиз. 2015-жылы февралда келишим бүтүп департаментке барсак, адиси жерди аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы башка жаранга мыйзамсыз кызыл китеп берип койгондугуна байланыштуу келишимди узарта албайбыз, сот аркылуу чечилмейинче келишим түзүлбөйт дешкен. Жердин талашы Жогорку сотко чейин барды. Убара болуп, чыгым тартып Бишкекке үчүнчү тарап катары биз дагы барып катышып келдик. Жогорку сот К.Асанованын кызыл китебин жокко чыгарган. Ошондон кийин муниципалдык менчик департаменти 2016-жылдан тарта 5 жылдык мөөнөткө чейин келишимиңерди узартып берем, облустук жерди аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан жашыл китеп алгыла, документиңерди даярдагыла деген. Тиешелүү документ топтоо үчүн башкармалыкка 2,5 миң, архитектурага 2 миң, дагы ар кайсы жерлерге деп, айтор 5 миң сомдон ашык акча коротуп, документ топтодук. Бирок азыркыга чейин жер маселеси чечилбей келет. Анткени департаментте чоңдор же мэрия, шаардык кеңеш кысым көрсөтүп, К.Асанованын пайдасына чечип жатат. Жогорку соттун чечимин кайра бузса болобу? Андай соттордун эмне кереги бар», - дешет талашка түшкөн жерде орун алып соода кылган жарандар.

                                                                                                                                                    Кеп төркүнү

Бирок жер ээлөө жараяны ушуну менен токтоп калбаптыр. К.Асанова техникалык паспорт алган жалпы 413,85 ч/м жерге 2015-жылдын 2-февраль күнү кызыл китеп алуу үчүн кайрадан кайрылат. Нарын облустук жерди аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы анын арызын 77%га аткарып, бир айдан кийин канааттандырат. Көрсө «кызыкстан Кыргызстандын» үчүнчү жагдайы жаралып калган экен.

«2002-жылы жүргүзүлгөн тутумдук каттоо учурунда Нарын өндүрүштүк кооперативине тийиштүү дүкөндүн имараты К.Асанованын имаратына кошулуп катталып кетиптир. Ошондуктан «Чаргын» дүкөндүн артындагы жерди чыгарып салууга туура келди. Натыйжада жер аянтына кайра ченөө жүргүзүлүп, К.Асанованын кыймылсыз мүлкүнө №4-05-02-0002-1474 сандуу идентификациялык код берилип, 318,5 ч/м жер аянтына карата менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген», - деген Т.Акматов мырза, неге шаардык муниципалдык менчиктеги жерге жеке менчик үчүн кызыл китеп берилди деген соболго: «Биринчиден шаардын башкы планы жок болгондуктан ал жерди муниципалдык деп кароого болбойт. Экинчиден тутумдук каттоо учурунда ал жерлер К.Асановага катталган. Ошол эле учурда КРнын "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык мамлекеттик акт же кызыл китеп берилген», - деген жообун берди.

Ушундан соң гана 2015-жылдын февраль айында мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү тууралуу Нарын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылат. Соттун отуруму (төрагалык кылуучу М.Акбердиев) 20-мартта арызды толугу менен канааттандырат. Нааразы тарап Нарын облустук сотко апелляциялык арыз жазып, соттук тутум 21-апрель күнү (төрайымдык кылуучу З.Амиракулова) алгачкы соттун чечимин бузуп, нааразы тараптын пайдасына карата чечим чыгарат. Аргасы кеткен ММД Жогорку сотко көзөмөл тартибинде даттанат. Ишти иликтеген Жогорку соттун отуруму (төрайымдык кылуучу Б.Аманалиева) 2015-жылдын 23-июль күнү болуп, Нарын облустук сотунун чечими жокко чыгарылып, Нарын райондор аралык сотунун чечими күчүндө калтырылган.

Токтомго ылайык бул даттанууга жатпаган акыркы чечим болуп саналаары жана токтом кабыл алынаары менен күчүнө кирери белгиленет.

Жүзөгө ашпаган токтом жана оор уйкудан ойгонгон банк

Анткени менен муниципалдык менчик департаменти Жогорку соттун токуган токтомуна эртерээк кубанган экен.

«Биз Жогорку соттун токтомун аткаруу үчүн Нарын облустук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан жерди каттатышыбыз керек. Ал үчүн акча каражаты бөлүнүшү зарыл. Бир жерге документ алуу үчүн 6-7 миң сом талап кылынат. Ансыз деле 2015-жылдын 1-январына карата башкармалыкка 108 миң сом карыз болгонбуз. Шаардык кеңештен жалпысы 406 миң сом сурап, кайра-кайра кат жазып жатып чарчап бүттүк. Кыскасы акча чечилбегендиктен улам азыркы учурга чейин Жогорку соттун токтому ишке ашырылбай келүүдө. Ал эми жерге жайгаштыруу башкармалыгы бизге быйыл 25-февралда каттоо укугубуздан баш тарткан жообун берди», - деп түшүндүрмө берди муниципалдык менчик департаментинин юристи Майрамбек Жунусов.

Жагдайды Т.Акматов бир нече себеп менен түшүндүрөт.

«Биринчиден С.Орозбак уулу көчөсүндөгү №46 «Д» дарегиндеги кыймылсыз мүлк бүгүнкү күндө К.Асанованын менчигинде турат. Экинчиден Жогорку сот болгону К.Асановага жазылган кызыл китепти гана жокко чыгарды. Бирок алгачкы документтер күчүндө турат. Үчүнчүдөн бул жер банкта күрөөдө тургандыктан тараптардын күрөө келишими да жокко чыгарыла элек. Ошондуктан менчикте турган укукту муниципалдык менчикке каттоого мүмкүн эмес», - дейт Т.Акматов.

Көрсө К.Асанова «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунан ошол талаштуу жерди күрөөгө коюп, насыя акча алган экен. Натыйжада банк оор уйкудан чукуранып ойгонуп, 2015-жылы дээрлик 5 ай боюу сот болуп, томуктай жер ары-бери калчанып жатканын 8 айдан соң гана эстей калганы табышмак болууда. М.Жунусов кеп банкта эмес, мыйзам чегинде талаштуу жерди маалымдабаган Нарын облустук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында күнөө бар экендигин, ошондуктан сотко кайрадан кайрыла тургандыгын кошумчалады.

«Бул жердин кызыл китеби болгондуктан жана алып-сатуу келишими түзүлгөндүктөн улам биз К.Асанованын жерин күрөөгө коюп насыя акча бергенбиз. Качан, канча мөөнөткө, канча сумма берилгендиги боюнча маалымат айта албайбыз. Нарын облустук жерди аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы быйыл бизге 1-мартта бул жердин мамлекеттик актысы сот аркылуу жокко чыгууда деп маалымат бергенден кийин гана аргасыз район аралык сотко үчүнчү тарап катары катышуу үчүн 30-март кайрылдык. Себеби биз дагы катышуубуз керек. Эгер соттун токтому күчүнө кирсе, анда биз кардардан башка мүлкүн күрөөгө алышыбыз керек», - дейт «Дос-Кредобанк» ААКтын Нарын филиалынын деректири Жаныбек Айбашов мырза.

Ал эми Нарын облустук жерди аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, К.Асанова өткөн жылдын 14-июль күнү, Жогорку сот ишти кароого 9 күн калганда ушул чырлуу жерди күрөөгө коюп, 36 айлык мөөнөт менен 350 миң сомду банктан насыяга алган.

Жыйынтыгында томуктай жердин анык башы ачылбай, 9 айдан бери Жогорку соттун токтому көчөдөгү кобур кептин кейпин кийип турууда. Натыйжада өткөн жылдын июль айынан бери ошол «Чаргын» дүкөнүнүн алдыңкы тарабында турган 4 күркөнүн ээлери мыйзам ченеминде муниципалдык менчик департаментине жер акысын төлөбөсө, бир күркөдөн соода кылган Айнура Туйтиева азыркы учурга чейин ай сайын 3 миң сомдон К.Асановага жер үчүн акча берип тураарын билдирет. Демек, 4 күркөдөн жергиликтүү бюджет айына 4300 сомдон болгондо эле, тогуз айда 38 миң 700 сомдон куру жалак калды. Ал эми шаардык бийлик чалкеш жагдайга кандай көз кырын салат болду экен?

«Мен Кулорахан дегенди тааныбайм. Ал жерде Алмаз Абдыраев деген досумдун күркөсү бар. Ошондуктан мыйзам чегинде чечилишин колдойм», - деп шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев жүйөөсүн айтса, мэриянын башкы адиси Ырахат Орозбаев: «Биз ошол жердин муниципалдык жер экендигин талашып сотко кайрылдык», - деген кыскача жообун берди.

Ал эми К.Асанова айым чырдуу жер аянты боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу.

              Автордун стилистикасы сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу