Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Баткен 26.04.2016 15:52

Баткендик окуучулар республикалык сүрөт сынагына катышат (фото)

Turmush -  Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп интернатынын 7-8-9-класстарынын окуучулары Бишкек шаарындагы Республикалык окуу усулдук эстетикалык тарбия берүү борборунда 9-майга карата өтө турган сүрөт сынагына катышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга интернаттын директору И.Калбердиев маалымдады.

Анын айтымында, «Көчмөндөр турмушу балдардын сүрөттөрүндө» сынагына катышуу үчүн мыкты даярдыктар көрүлүп жатат.

«Окуучулар өткөн жылдардагы сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келишкен. 2015-жылдагы сынакта биздин окуучу атайын окууга жолдомо алган», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×