Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.04.2016 12:14

Кызыл-Кыядагы музейде Тарых жана маданият жылына карата көргөзмө уюштурулду (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык музейинде Тарых жана маданият жылына карата атайын көргөзмө уюштурулду.

Кызыл-Кыя шаардык музейинин директору Гүлбара Искандарованын айтымында, музейде жаңы экспозиция ачылды. Музейдин бир бөлмөсү атайын боз үйдөй болуп жасалгаланган. Кире бериште Кыргызстандын белгилүү инсандарынын сүрөттөрү илинген.

Мындан тышкары өргөзмөгө кыргыз элинин маданиятына жана тарыхына тийиштүү болгон 100гө жакын экспонаттар коюлган. Бул көргөзмөнүн бир бөлүгү «Баткен-2016» конференциясында көрсөтүлгөн. Көргөзмө музейге келгендердин кызыгуусун жаратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×