Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 25.04.2016 11:24

Кыргыз кино кербени Баткен облусунан башталды (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын студенттери менен өлкөнүн кинематография тармагынын өкүлдөрүнүн чыгармачылык жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чарага күбө болгон Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Шаардагы «Октябрь» кинотеатрында 21-апрелде өткөн жолугушууга КРнын маданиятына эмгек сиңирген артисти Акылбек Абдыкалыков, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Карагулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана Баткендеги маданият кызматкерлери катышты.

Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чарада кыргыз киносундагы кемчиликтер, жетишкендиктер жана келечек пландар тууралуу сөз болду.

Ошондой эле келген көрүүчүлөргө «Маңкурт» деген аталыштагы толук метраждуу кыргыз тасмасы көрсөтүлдү.

«Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр тарабынан эски фильмдерге талаптар көп болуп жатат. Кино аркылуу жаштарды адептүүлүккө, маданияттуулукка чакыра алабыз. Мындан улам кыргыз элинин тарыхын камтыган фильмдердин санын көбөйтүп, тасма аркылуу жаштарга туура багыт берүүнү максат кылуудабыз», - деди Талас облустук кинодирекциясынын директору Мандарбек Айылбеков.

Ал эми режиссер Б.Карагулов Кыргызстанда кино кербени башталгандыгын, ал Баткен облусунан башталып, жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыгарын белгиледи.

Жолугушууга Баткен облустук кинодирекциясынан 35 кызматкер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×