А.Эсеновдун айтымында, ал устачылыкты 1995-жылы Манастын 1000 жылдык мааракесине карата комуз жасагандан тартып аркалап калган. Бул өнөр ата-бабаралынан калган. Анын бир туугандары жана балдары да устачылык менен алектенет. Ал ушул убакка чейин 1 миңге жакын комуз, жүзгө жакын кий жасаган.
«Комузду өрүктөн гана жасайм. Комуз жасоо үчүн өрүктү кесип алгандан кийин 3 жыл кургак жайда кармап, кургатылган соң комузду чаап баштайм. Өрүк көп жыл кургатылып, кабыгы жукараак чабылган комуздан жакшы үн чыгат. Комуздун чарасы 40 см, моюну 34 см болуп чабылат», - дейт ал.
Уста комуздарын Ош шаардагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жана башка музыкалык окуу жайларга алып барып сатат. Мындан сырткары Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнөн да буюртма бергендер бар. Комуздун баасы сапатына жараша 5 миң сомдон 7 миң сомго чейин сатылат.
«Кий ар кандай жыгачтардан — өрүк, чынар, кайыңдан куралып жасалып, 12 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. Учурда бильярд оюнуна көп адам кызыккандыктан кийдин кардарлары көп», - дейт уста.
Ага кошо жыгачтан ар түрдүү буюмдарды - чөмүч, скрипка жана башка буюмдарды да жасай турганын кошумчалады.